ИЧИК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЧИК – кездеме тышталып, саңсаң жана куну­дан жасалган сырт кийим. Ичикке түлкү, карыш­кыр, суусар, сүлөөсүн, илбирс, киш, кундуз, кашкулак, козу жана башкалардын терилери пайдала­нылган. Куну те­рисинен жасалган ичик өзгөчө баала­нып, кымбат баа­луу сарпайы ката­ры эсептелген.

Дөөлөттүү киши­лер кунудан ичик ки­йип, сыртын боб­рик, нооту, лампук, баркыт, буулум менен тыш­таткан. Жээктери эни 2–3 см болгон көрпө менен кыюуланган. Көпчүлүк букара ичикти саңсаңдан жасаткан. Ичиктин ичи менен сыртына жараша чоң жака салынган.ичик, жасалышына карата к и ш ичик., и л б и р с ичик., т ү л к ү ичик., к а р ы ш к ы р ичик., п а й ч а ичик., б у ч к а к ичик., с а ң­ с а ң ичик., к ө р п ө ичик. деп бөлүнгөн.
Ичик. эркекке да, аялга да узун жеңдүү, этектүү, кенен тигилген. Айрым келин-кыздардын ичиктери кымбат баалуу терилер менен көбөөлөнгөн.