ИЧКЕ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИЧКЕ – Ат-Башы р-нундагы суу, Кара-Коюн суусунун оң куймасы. Уз. 23 км, алабынын аянты 148 км2. Ат-Башы кырка тоосунун түн.-батыш капталынан агып түшөт. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 3500 м, эң бийик жери 4432 м. Куралуу облусуна кирет. Суу өрөөндүн төрүндөгү мөңгүнүн жанындагы чакан көлдөн башталып, кууш колот аркылуу түндүккө агып, бир нече куймалары кошулуп, Жаакташ өтөгүнөн ары Кара-Коюн өрөөнүнө чыгат. Төрүндөгү Жеңи-Ичке ашуусу аркылуу Чатыр-Көл, Ак-Сай өрөөндөрүнө мал ашырылат. Жылдык орт. чыгымы 1,60 м3/сек, эң көбү май, июнда, эң азы февралда байкалат. Алабында жалпы аянты 0,7 км2 келген 4 чакан мөңгү бар. Сугатка пайдаланылат. Айрым ад-т, карталарда И. суусу Жеңичке, Жеңишке деп туура эмес жазылып жүрөт.