ИЧКЕ-ЖЕРГЕЗ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИЧКЕ-ЖЕРГЕЗ – Ысык-Көл обл-нун Ак-Суу р-нундагы кыштак. Боз-Учук айыл өкмөтүнө караштуу. Ичке-Жергез сусунун боюнда, Тескей Ала-Тоонун түн. этегинде, деңиз деңг. 1880 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Каракол ш-нан 23 км чыгыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 245 км. Калкы 1725 (2007); негизинен мал чарбасы м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана бар. Дарыкана, ФАП, мончо, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт. Кыштакта Кыргыз эл сүрөтчүсү Ж. Үмөтов туулган.