ИЧКЕ-ЖЫЛГА КӨРҮСТӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЧКЕ-ЖЫЛГА КӨРҮСТӨНҮ – биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктан биздин замандын XIV кылымына чейин жашаган көчмөн уруулардын мүрзөлөрү. Дөбө-Коргондун бийиктиги 0,3–3 м. Кочкор өрөөнүндөгү Шамшы айылы­нын түштүк-батыш тарабында жайгашкан. Дөбө жана таш мүрзөлөрдөн турат. 1954-жылы А. К. Ки­биров казып изилдеген. Казуу учурунда XI–XIV кылымдарга тиешелүү карапа идиштер, ээр, темир үзөңгү, жаанын жебелери, саадак, ошондой эле чий, чүпүрөк калдыктары, канжар, колодон жасалган кемер курдун тоголору табылган. Күйгүзүлүп көмүлгөн буюмдардын өзүнчө чуңкурчада жайгашканы енисей кыргыздарынын сөөктү көмүү салтына окшошуп кетет.