ИЧКЕ-СУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЧКЕ-СУУ – Ысык-Көл обл-нун Түп р-нундагы кыштак. Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу. Күнгөй Ала-Тоонун этегинде, деңиз деңг. 1712 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Түп кыш-нан 8 км түн. тарапта. Балыкчы т. ж. бе­кетинен 199 км. Калкы 1210 (2007); негизинен мал м-н алектенишет. Орто мектеп, китепкана, мад-т үйү, ФАП бар.