ИЧКЕ-ТӨР СЫМАП КЕНДЕРИ
ИЧКЕ-ТӨР СЫМАП КЕНДЕРИ Нарын обл-нун Ат-Башы р-нунда. Сымап кенташы табылган жерлер Жаңы-Жер ж-а Мүдүрүм сууларынын аралыгында. Уз. 5–6 км, туурасы 2,5–3 км келген аянтта «Табылга», «Ичке суу», «Жогорку», «Төмөнкү», «Батыш», «Коргошун», «Сымап», «Суу бөлмө», «Түндүк» сыяктуу майда кендер бар. Алардын айрымдары 1954-жылдан белгилүү. Кен аймагында таш көмүр мезгилинде пайда болгон түрдүү түстөгү акиташ, кумдук ж-а сланец тоо тектери таралган. Алар Миң-Бугу антиклиналын түзүп жатат. Антиклиналь Ичке- Төр тектон. жаракасы м-н бузулуп, түзүлүшү бир топ татаалданып кеткен. Кендер ошол тектон. жараканы бойлой жайгашкан. Кенташ (руда) негизинен линза, уяча ж-а тарамча түрүндө. Алардын уз. 120 мге чейин, туурасы 0,5–2,25 м. Негизги минералдары: киноварь, галенит, халькопирит, сфалерит, ковеллин ж. б. Айрым жерлерде гематит, лимонит, азурит ж-а малахит кездешет. Кендер герцин металлогендик доорунда гидротермден пайда болгон.