ИЧКИ ЖАНА ТЫШКЫ БУРЧ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИЧКИ ЖАНА ТЫШКЫ БУРЧ – 1) и ч к и
б у р ч (И. б.) – үч бурчтуктун же көп бурчтуктун жанаша жактарынын арасына камалып, анын ич жагында жатуучу бурч. Томпок үч бурчтуктун И. б-тарынын суммасы s=2d; томпок көп бурчтуктуку sn = 2d (n – 2); 2) т ы шк ы б у р ч (Т. б.) – берилген үч бурчтуктун же томпок көп бурчтуктун И. б-уна жандаш бурч.
Үч бурчтуктун (көп бурчтуктун) ар бир чокусу
на өз ара барабар эки Т. б. түзүүгө болот. Ал бурчтар жактарынын уландылары аркылуу түзүлөт. Үч бурчтуктун Т. б-у аны м-н жандаш жатпаган эки И. б-тун суммасына барабар, ошондуктан Т. б. ал эки бурчтун ар биринен
чоң.