ИЧКИ СЕКРЕЦИЯ БЕЗДЕРИ
ИЧКИ СЕКРЕ́ЦИЯ БЕЗДЕРИ , э н д о к р и н с и с т е м а с ы – организм системаларын жөнгө салуучу бездер. Организмде эндокрин ж-а нерв системасы катышпаган бир да процесс жүрбөйт. Алардын иши бузулса, организмде олуттуу өзгөрүүлөр болот. И. с. б. өздөрү иштеп чыгарган биол. активдүү заттарды – гормондорду (өткөөлдөрү болбогондуктан) сыртка чыгарбай канга ж-а лимфага кошот. И. с. б-нин түзүлүшүн, аткарган ишин, алардын бузулушун эндокринология изилдейт. Эндокрин системасына гипоталамус, гипофиз, эпифиз, калкан сымал без ж-а анын жанындагы уйку бези, бөйрөк үстүндөгү без, энелик без, үч ача без кирет. Бул бездердин көлөмү ж-а формасы түрдүүчө болуп, дененин ар кайсы жеринде жайгашкан. Эндокрин системасы бөлүп чыгарган гормондор кан м-н бүт денеге тарап, органдардын иштерин жөнгө салып турат. Жаныбар м-н адам денесинин ар кандай бөлүктөрүнүн иштешин координациялап жөнгө салууда, органдардын бири-бири м-н айкалышып иштешинде гормондордун ролу чоң.