ИЧКИ ТЕҢИР-ТОО
ИЧКИ ТЕҢИР-ТОО – түндүгүнөн Кыргыз Ала- Тоосу, түштүгүнөн Какшаал тоо тизмеги, чыгышынан Сары-Жаз, Нарын д-нын суу бөлгүчү, батышынан Фергана тоо тизмеги м-н чектелген кеңири аймак (провинция); татаал орогр. түзүлүштө тизмектешкен кырка тоолор, тоо аралык узата созулган ойдуңдар, өрөөндөр м-н алмашып жайгашат. Деңиз деңг. орт. бийикт. 3100 м, аянты 50 миң км2ден ашык, анын 92%ке жакыны Нарын д-нын алабында жайгашкан. Рельефине бийик ж-а өтө тилмеленген ар түрдүү формалары бар кырка тоолор, татаал түзүлүштөгү тоо аралык ойдуңдар м-н өрөөндөр мүнөздүү. Булардын көбү кеңдик ж-а ага жакын багытта созулуп жатат. Кырка тоолор 4000–4500 мге чейин көтөрүлүү м-н айрым бөлүктөрүндө дого сымал ийилип, бири-бири м-н туташып, жүздөгөн кмге созулат. Бул тоо системаларга түндүгүнөн Кыргыз Ала-Тоосу, андан түштүгүрөөктө Тескей Ала-Тоонун батыш уландысы – Үкөк, Карагатты, Баба-Ата тоолору, Жумгал, Суусамыр кырка тоолору, андан түштүгүрөөктө Жетим-Бел, Капка-Таш, Байдулу, Соңкөл, Кабак кырка тоолору, Суусамыр кырка тоосунун түш.- чыгыш айрыгына барып такалат. Алардан түштүктө Нарын д-нын оң жээгин бойлой Жетим- Тоо, Нура, Молдо-Тоо, Көк-Ирим тоо кыркалары чыгыштан батышка созулуп, батышта Фергана тоо тизмегине барып такалат. Андан түштүгүрөөктө Нарын-Тоо, Жаман-Даван, дагы түштүгүрөөктө Борколдой, Ат-Башы, Арпа тоолору чыгышта Ак-Шыйрак кырка тоосуна барып такалат. Эң түштүгүндө Какшаал тоо тизмеги аймактын түш. чеги болуп, түш.-батыш багытта 400 кмге созулат. Тоо аралык ойдуңдар м-н өрөөндөр тоолорго караганда төмөнкү гипсометриялык деңгээлде (1000–3000 м) жатат. Алар бири-биринен обочо кырка тоолор м-н бөлүнүп, формасы ж-а узун-туурасы ар түрдүү (уз. 30–40 кмден 150–170 кмге чейин).

Булардын эң ирилери – Орто Нарын, Кочкор, Кетмен-Төбө, Суусамыр өрөөндөрү. Ички Теңир- Тоо аймагынын рельефине бийик тоолуу сырт мейкиндиктери (2800–3200 м) да мүнөздүү. Аларга байыркы денудациялык тегиздиктер – бөксө тоолор, өрөөн м-н чуңкурчактардын тамандары (Балгарт, Кара-Каман, Орто Сырт, Солтон-Сары, Соң-Көл, Суусамыр, Ак-Сай, Арпа сырттары) кирет. Сырттардагы басымдуулук кылган талаа (айрыкча бетегелүү талаа) м-н субальп ж-а альп шалбаалуу талаалар жайыт катары пайдаланылат.
Аймак геол. түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрү б-ча тектон. эки облуска – Түн. Теңир-Тоого (түн. бөлүгү төмөнкү палеозойдо каледон тектон. циклинде калыптанган) ж-а Ортоңку Теңир-Тоого (түш. бөлүгү палеозойдун аягында герцин тектон. циклинин натыйжасында калыптанган) кирет. Түн. Теңир-Тоонун тоолору негизинен палеозойдон мурунку ж-а төмөнкү палеозойлук кыйла метаморфизмделген тоо тектерден турат. Ортоңку Теңир-Тоонун тоолору негизинен ортоңку палеозойдогу деңиз чөгүндүлөрүнөн, ал эми аймактын өрөөндөрү палеоген-неогендин начар камдашкан континенттик, континенттик-деңиздик (туз-гипстүү формациялары м-н) калың (3000–4500 м) катмарынан ж-а төртүнчүлүк мезгилдин түрдүү генезистик типтеги борпоң тектеринен турат. Палеоген-неогендин ж-а төртүнчүлүк мезгилдин тоо тектери тоо этегиндеги адырлардын өтө тилмеленген чаптуу рельефин түзөт. Андай адырлуу-чаптуу рельеф Ички Теңир-Тоодогу тоо аралык ойдуңдардын чет-жакаларына өтө мүнөздүү.
Климаты жалпысынан континенттик ж-а кескин континенттик; кургакчыл, жылуулук м-н нымдын таралышында чоң айырмачылыктар бар. Суук мезгили бир кыйла узак болот. 1500 мден 2200 мге (2300 м) чейинки бийикте жайгашкан тоолуу өрөөндөрдүн жайы мелүүн

жылуу (июлдун орт. темп-расы 19–16°С), активдүү темп-ралык мезгилдин (10°Сден жогору) узактыгы 130–167 күн. Мында жаздык эгин, жашылча, тоют өсүмдүктөрүн, картөшкө ж-а мөмө-жемиштин суукка чыдамдуу сортторун өстүрүүгө болот. Бирок жылуу жерде өсүүчү өсүмдүктөр үчүн жаздын аягында ж-а күзгө жуук болуучу
үшүк өтө коркунучтуу. 2200 мден жогору жаткан өрөөндөрдүн жайы мелүүн жылуу же салкын, жылуулук ресурстары дыйканчылык үчүн жетишсиз. Төмөнкү гипсометриялык абалды ээлеген Кетмен-Төбө (800–1800 м) ж-а Тогуз-Торо (1200–1800 м) ойдуңдарынын жылуулук шарттары өтө ыңгайлуу. Мында июлдун орт. темпрасы 21–22°С, активдүү темп-ралык мезгили 150–190 күн. Бул мезгилде жылуу жерде өсүүчү а. ч. өсүмдүктөрү бышып жетилет. Тоо өрөөндөрү м-н бийик ойдуңдарда кышы суук (январдын орт. темп-расы –10°Сге чейин) ж-а узак, кышкысын дайыма жука кар жатат (Кочкор, Кара- Кужур ойдуңдарынан башкасында). Тоо капталдары м-н сырт өрөөндөрүндө жайы салкын (10– 5°С), кышы ызгаардуу. Ички Теңир-Тоонун түндүгүндөгү (Кочкор, Жумгал) ж-а түштүгүндөгү (Орто Нарын, Ат-Башы) өрөөндөрдө жаан-чачын аз (200–300 мм) түшөт. Калган жерлерде жаан-чачын батыштан чыгышка карай 400– 500 ммден 300–400 ммге чейин азаят. Тоолордун батышты караган капталдарына да 400– 500 мм жаан-чачын түшөт; көбү жылдын жылуу мезгилине туура келет.
Региондун суу ресурстары өтө тармактанып, дээрлик Нарын д-нын алабына кирет (Жогорку
Чүй м-н Ак-Сайдан башкасы). Анын системасына тоо тибиндеги ар кандай өлчөмдөгү жүздөгөн агын суулар тиешелүү. Негизинен мөңгү-кар сууларынан куралат. Дарыяларда суунун молдуулугу бирдей эмес. Агын сууларынын модулу 2,0дөн 16,0 л/сек·км2ге чейин. Нарын д-нын орт.
чыгымы (Нарын ш. тушта) 90 м3/сек, Кетмен- Төбө өрөөнүнөн чыга бериште 382 м3/сек. Агын суулары энергияга өтө бай. Дарыя агымын жөнгө салуу ж-а ирригация м-н энергетикада пайдаланууну жакшыртуу максатында Нарын д-на сыйымд. 19,5 млрд м3 болгон Токтогул суу сактагычы курулган. Нарын д-нын алабында 18 ири ГЭС куруу долбоорлонуп, алардын төртөө ишке киргизилген (2010).
Ички Теңир-Тоонун ландшафты ар түрдүү келип, бийиктик алкактуулукка ылайык өзгөрөт. Жапыз ж-а орто бийиктиктерде жайгашкан ойдуңдарда ж-а өрөөндөрдө (1200–2500 м) ачык күрөң топурактуу чөл ж-а жарым чөл басымдуу. Каптал өйдө (1800–2200 м) кургак талаа тилкеси бетегелүү талаа, шалбаалуу талаа, түркүн
чөптүү субальп ж-а альп шалбаалары м-н алмашылат. Алар орто бийик ж-а бийик тоолордо басымдуу. Токой-шалбаалуу алкагы Ички Теңир-Тоонун аймагында бирдей таралган эмес,
тоолордо токой аз (2,7%). Теңир-Тоо карагайлуу токою тоолордун түн. ж-а батыш капталдарында, жаан-чачын мол жааган кырка тоолордо 1800 мден 3000 мге чейинки бийиктеги кырка тоолордо кездешет. Региондун эң батышындагы (Ат-Ойнок, Узун-Акмат тоолору, Суусамыр кырка тоосунун түш. капталы) токойшалбаалуу талаа алкагы (теңир-тоо карагайы, семёнов көк карагайы, арча, жаңгак, алма ж. б.) Түш.-Батыш Теңир-Тоонун ландшафтына окшош. Бадалдар м-н түркстан жапалак арчасы кеңири таралган. Кырг-ндагы жапалак арча өскөн аянттын теңинен көбү Ички Теңир- Тоонун бийик тоолоруна (3000 мден жогору) туура келет. Бийик тоолордо аска, корум, эшилмелер, кар мөңгүлүү тепши сымал өрөөн м-н төр ж. б. гляциалдык рельефтин формалары кыйла аянтты ээлейт. Кар чегинен төмөнкү катаал климаттык шарттарда альп көк өтөктөрү, сулубетеге-эңилчектүү ж-а доңуз сырты-мамык чөпэңилчектүү тундра участкалары, суукка байымдуу жаздык сымал өсүмдүктөр өскөн субнивалдык тилке кездешет.
Табигый ресурстардын ичинен жайыттын мааниси чоң. Анын базасында кой (мал чарбасынын негизги тармагы), уй ж-а жылкы чарбалары өнүккөн. Суу ресурстары ж-а кен байлыктары (күрөң көмүр, темир рудасы, хим. сырьё ж. б.) толук өздөштүрүлө элек. Провинция 6 физ.-геогр. округга бөлүнөт: Суусамыр, Кетмен-Төбө, Кочкор – Жумгал, Соң-Көл – Кичи Нарын, Орто Нарын ж-а Ат-Башы – Кара-Коюн.
Ад.: Шульц С. С. Новейшая тектоника и рельеф Тянь-
Шаня М., 1948; Выходцев И. В. Вертикальная поясность растительности в Киргизии (Тянь-Шань и Алай). М., 1956; Чупахин В. М. Внутренний Тянь-Шань. Ф. 1959; Природа Киргизии. Ф., 1962; Исаев Д. И., Глушкова М. И., Алиев З. А. [и др.]. Рельеф Киргизии. Ф., 1964; Чупахин В. М. Физическая география Тянь-Шаня. А.-А., 1964; Структура и динамика компонентов природы Тянь-Шаня. Ф., 1973; Атлас Кыргызской ССР. Т. 1. Природные условия и ресурсы. М., 1987; Кыргызстан географиясы. Б., 2004.
А. Осмонов, Ө. Бараталиев.