ИЧКИ ЭНЕРГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЧКИ ЭНЕ́РГИЯ н е р с е н и н – физ. система­нын ички абалына көз каранды энергия. Ага микробөлүкчөнүн (молекула, атом, ион ж. б.) башаламан (жылуулук) кыймылынын ж-а ошол бөлүкчөнүн өз ара аракеттешүү энергиясы ки­рет. И. э. – системанын термод. абалын анык­тоочу функция, б. а. система ар бир абалда бел­гилүү бир ички энергияга ээ. И. э. түшүнүгүн 1851-ж. англ. физик У. Томсон (лорд Кельвин) киргизген. Физ. системанын И. э-сынын өзгөрү­шү (DU) ага сырттан берилген жылуулук саны (dQ) м-н системанын сырткы күчүнө каршы аткарган жумушунун (d А) айырмасына бара­бар: DU=d Q– dА. Бул теңдеме – термодина­микадагы энергиянын сакталуу закону. Систе­манын кабыл алган жылуулук саны ж-а аткар­ган жумушу анын абалын өзгөрткөн процесстин мүнөзүнө көз каранды. Эгер система чөйрө м-н жылуулук алмашпаса (адиабата процесси), анда dQ = 0 болгондуктан, DU = –dА алынат, б. а. системанын И. э-сынын өзгөрүшү сырткы күчкө каршы аткарылган жумушка барабар. Термод. тең салмактагы системанын И. э-сы темп-рага ж-а көлөмгө көз каранды. Физ. системанын И. э-сы мол.-кинетикалык теориянын негизин­де да аныкталат. Төмөнкү темп-рада абс. нөлгө жакындаганда суюк ж-а катуу заттардын И. э-сы белгилүү турактуу маанисине U0 умту­лат. U0 дун мааниси И. э-ны эсептөөнүн башта­лышы катары колдонулат.


Ад.: Базаров И. Т. Термодинамика. М., 1983.