ИЧ КЕЛТЕ
ИЧ КЕЛТЕ , п а р а т и ф – ичке ичегини сезгендирип, организмди жалпы ууландыруучу катуу кармама жугуштуу оору. Оору козгогучу – бактериялар. Алар сырткы чөйрөнүн түрдүү шар-
тына ж-а жугушсуздандыруучу заттардын таасирине туруктуу. Сууда ж-а жер кыртышында 2 жума, жашылча-жемиштерде 10–15 күн, май м-н этте 1–3 айга чейин сакталат. Ысытканда, кайнатканда тез өлөт. И. к. оорулуу же бактерия алып жүрүүчүлөрдүн заңы ж-а заарасы м-н сырткы чөйрөгө чыгат. Соо киши булганган тамак-ашты жегенде, булганган сууну ичкенде же ошол сууга түшкөндө, көпчүлүк учурда бактерия алып жүрүүчүнүн кир колу ж-а кээ бир үй буюмдары аркылуу жугат. Жылуу мезгилде чымын аркылуу да таралышы мүмкүн. Козгогуч ооз аркылуу ичке ичегиге кирип, анын былжыр челинде өсүп, көбөйүп, канга өтөт. Кан м-н бүт денеге тарап, организмди ууландырат. Андан кан тамырлар, өзгөчө нерв системасы жабыркайт. Оорунун жашыруун мезгили 3–21 (көбүнчө 10–14) күнгө созулат. Оору акырындык м-н башталат. Денеси шалдырап, алсызданат, уйкусу качып, тамакка табити тартпай, ишке жөндөмү төмөндөйт. Дене темп-расы жогорулайт. Айрым оорулуулар оору башталганда эле эсинен танат, жөөлүйт. Териси кургап, кубарат. Оорулуунун ичи катат, кээде өтөт, 8– 9-күнү көкүрөк ж-а курсак терисинде майда кызыл тактар пайда болот. Ооруну ооруканада гана толук дарылоого болот. Ооруканадан айыгып чыккандан кийин врачтын кароосунда болуп, 2–3 айга чейин врачтын көрсөтүүсү м-н мүнөздөп тамактануу керек. Ооруну алдын алуу үчүн оорулууну ж-а бактерия алып жүрүүчүлөрдү өз убагында таап дарылоо, оорулуу жаткан бөлмөнү дезинфекциялоо, оорулуу м-н бирге болгондорду лабор. текшерүүдөн өткөрүү ж-а 21 күнгө чейин мед. байкоо жүргүзүү зарыл.