ИЧ КӨБҮҮ
ИЧ КӨБҮҮ , м е т е о р и з м – ичегилерде газдын ашыкча чогулушу. Соо кишинин карыны м-н ичегисинде бир аз газ болот. Ал ичегинин тонусу ж-а жыйрылуусу үчүн керек. Газ карынга абаны көп жутканда келет ж-а ичегиде хим. реакциянын, ферменттик процесстердин негизинде пайда болот. Газдын өлчөмү тамактын мүнөзүнө, кишинин кыймылына ж. б. факторлорго байланыштуу. Углеводу көп тамак (буурчак, төө буурчак, кара нан ж. б.) м-н тамактанганда дени соо кишилердин да ичи көбүшү мүмкүн. И. к. көп оорулардын (ич катуу, невроз, колит, перитонит) белгиси болушу мүмкүн. Гастрит, панкреатит, холециститте да ич көбөт. Кишинин микроб флорасы нормасынан бузулганда ичегиде ириңдөө ж-а ачуу процесси жүрүп, газдын бөлүнүшүн күчөтөт. Анда ич курулдайт, толгоп ооруйт, кекирет, ыктытып, газ чыккандан кийин оору басылгансыйт, кээде ич өтөт, кайра катат. И. к-дө себебине жараша ар кандай газ чыгаруучу дарыларды колдонуп, негизги ооруну дарылоо керек. Алдын алууда тамактануу режимин сактоо, дене тарбия ж-а спортко катышуунун мааниси чоң. И. к. м а л д а – кепшөөчү малдын карынына же ичегисине жел толуп калуудан пайда болуучу ылаң. Көбүнчө уй ылаңдайт. Ылаң айрым учурда катуу кармайт, кээде өнөкөт түрүндө болот. Катуу кармаган түрү мал ачыган же бузулган тоют жегенде, кургак тоюттан чыктуу тоютка өткөндө, колдо багуудан жайытка чыгарылганда, өнөкөт түрү ичеги-карын, боор оорусунун таасиринен улам пайда болот. Тез пайда болгон жел карынды көптүрүп, анын иштешин бузат, ички кан тамырларды, диафрагманы кысып, малдын дем алышын, кан айланышын басаңдатат. Мал кепшебей, чабалактайт, демигет. Убагында жардам көрсөтүлбөсө өлүмгө учурайт. Дарылоо: карынга жел чыгаруучу зонд киргизип, ич көптүрбөөчү дары (ихтиол, формалин ж. б.) куюу. Айрым оор учурда троакар м-н карынды тешип, жел чыгарылат. Алдын алуу үчүн кепшөөчү малды тоюттандыруу эрежесин так сактоо зарыл.