ИШЕКЕЕВ
ИШЕКЕЕВ Назаркул (18. 2. 1955-ж. т., Нарын обл., Кочкор р-ну, Төрт-Күл айылы) – педагог, педагогика илимд. доктору (1994), проф. (1996), КР эл агартуусунун отличниги (1988). КМУнун филология ф-тин бүтүргөн (1976). Бишкек шаардык ¹ 3 муз. орто мектепте мугалим (1976), «Ленинчил жаш» гезитинде адабий кызматкер, 1977-жылдан КМУда окутуучу, ага окутуучу (1983–85), доцент (1986–95), декан (1995–2007), ошол эле учурда кыргыз тилин ж-а ад-тын окутуунун методикасы кафедрасынын башчысы (1998–2000) болуп эмгектенген. 2008-жылдан ошол эле жерде кайрадан кафедра башчысы. Анын кыргыз ад-тын окутуунун тарыхы ж-а анын актуалдуу маселелери, методика илиминин өнүгүшү ж-а калыптанышы, прозалык чыгармаларды мектептерде окутуунун мазмуну ж-а формалары ж. б. маселелерге арналган 200гө жакын ил. эмгектери, монография, окуу китептери бар.
Эмг.: Жалпы билим берүүчү орто мектептерде эпикалык чыгармаларды окутуунун методикасы. Ф., 1988; Кыргыз адабиятын мектептерде окутуунун тарыхы. Б., 1994; Кыргыз адабиятынын окуу китептери: өткөнү, бүгүнкүсү жана келечеги. Б., 2010.