ИШЕМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИШЕМИ́Я (гр. ischo – кармайм, токтотом ж-а haima – кан) – органды же тканды кан м-н кам­сыз кылуучу артериянын ичкеришинен же бү­төлүп калышынан ошол жерге кандын жетиш­сиздиги. И. киши коркуп кетип, артерия реф­лекстик спазм болгондо, суук, оору, хим. зат­тар, биол. дүүлүктүргүчтөр (бактериялар, ток­синдер) таасир эткенде, артерия тромб же эм­бол м-н бүтөлүп калганда (к. Тромбоз, Эмболия), артерияны сезгенүү процесси же шишик басып калганда болот. Ал жерде кычкылтек жетиш­сиз (гипоксия) болуп, функциясы бузулат, ооруйт. Артерия спазмында некроз болушу мүмкүн. Нерв системасы ж-а жүрөк булчуңу И-ны өтө сезгич келет. Узакка чейин болгон ка­туу И. инфарктка дуушар кылат (к. Жүрөк ише­миясы).