ИШЕМКУЛОВ
ИШЕМКУЛОВ Тилектеш (20. 8. 1939-ж. т., Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Ырдык айылы) – коомдук ж-а саясий ишмер, КРдин мадтына эмг. сиң. ишмер (1993), КРдин элге билим берүүсүнүн отличниги (1987). Пржевальск мамл. пед. ин-тту бүтүрүп, Барскон орто мектебинде мугалим (1962–63), комсомолдун Жети-Өгүз райкомунун 1-секретары (1963–65), Кырг-н ЛКСМ БКнын секретары (1967–72), Кырг-н КП БКнын мад-т бөлүмүнүн башчысынын орун басары (1972 –73), партиянын Нарын обкомунун секретары (1980–84), КПСС БКнын алдындагы Коомдук ИАнын угуучусу (1978–80), партиянын Ысык-Көл обкомунун секретары (1980–84), «Советтик Кыргызстан» («Кыргыз туусу») гезитинин башкы редактору (1986–93), КР Жогорку Кеңешинин депутаты (1986–95), КРдин Казакстандагы Атайын ж-а толук ыйгарым укуктуу элчиси (1993–96), Кыргызстан – Пакистан достук коомунун президенти (1986), КРдин жазуучулар союзунун (1996-жылдан) мүчөсү ж-а журналисттер союзунун (1986–93) төрагасы, БГУ-нун журналистика кафедрасынын башчысы, проф. (1999), 2001-жылдан ректордун кеңешчиси. И. кыргыздын атактуу адамдары тууралуу китептердин, монографиялардын редактору, 200дөн ашуун макалалардын, котормолордун, адабий сындардын автору. «Ардак Белгиси» ордени, «Эмгектеги каармандыгы үчүн» ж. б. медалдар м-н сыйланган.