ИШЕНИМ КАТ
ИШЕНИМ КАТ – башка жактын (ишеним көрсөтүүчүнүн) атынан бүтүмдү же башка укуктук аракетти жасоого өкүлдүн укугун аныктоочу документ. Ыйгарым укугунун көлөмүнө жараша И. к. үч түргө бөлүнөт: 1) бир жолку – бир конкреттүү аракет жасоого (мис.‚ эмгек акы алууга); 2) атайын – кандайдыр бир түркүн аракетти жасоого (мис.‚ ишкананын юрисконсультунун арбитражга чыгуусуна); 3) жалпы же генералдык – ишеним көрсөтүүчүнүн мүлкүн жалпы башкарууга келишимдерди түзүүгө ж. б. И. к. аракети анын мөөнөтү бүткөндөн‚ ишеним көрсөтүүчү И. к-ты жокко чыгаргандан‚ ишеним көрсөтүлгөн жак баш тарткандан‚ атынан И. к. берилген юрид. жак жоюлгандан кийин ж-а мыйзамдарда каралган башка учурларда токтотулат. И. к. түрлөрү‚ аны ишке ашыруу
ыкмалары‚ анын аракетинин мөөнөтү ал берилген өлкөнүн мыйзамдары м-н жөнгө салынат.