ИШИМОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИШИМОВ Бексултан Бекмолдоевич (10. 8. 1947- ж. т., азыркы Жалал-Абад обл., Базар-Коргон р-ну, Чарвак айылы) – милициянын генерал­лейтенанты (1997); юридика илимд. доктору (2002), проф. (2001). Европа

укук академиясынын мүчөсү (Будапешт, 1999), Россия коргонуу, коопсуздук ж-а укук тартиби маселелери б-ча академиясынын акаде­ми ги (2002), К азак с т ан Респ. ИИМ Академиясынын проф. (2002). КМДТИ ни (1969), СССР ИИМдин Кара­ганды жогорку мектебин (1980), КПСС БКнын Коом­дук ИАсынын аспирантурасын (1986), АКШ- нын Остин ш-ндагы ун-ттин (1996), Аскер-аба күчтөрүнүн борборунун атайын курсун (1998, Флорида штаты) бүтүргөн. 1971–72-ж. Кыргыз ССР ИИМдин Эмгек-түзөтүү колониясында от­ряд начальниги, 1972–78-ж. инспектору, партко­мунун секретары, 1978–88-ж. Кырг-н КП БКда адм. органдар бөлүмүнүн инспектору, 1980– 83-ж. Кырг-н КП Талас обкомунун адм. орган­дар бөлүмүнүн башчысы, 1988–89-ж. Кыргыз ССР ИИМде министрдин орун басары, 1989–90-ж. Кырг-н КП БКда мамл. укук бөлүмүнүн башчы­сы, 1990–95-ж. СССР Жогорку Советинин Респ­лар Советинин мүчөсү, КМШнын парламент ара­лык комиссиясынын коргонуу ж-а коопсуздук к-тинин төрагасынын орун басары, КРдин Жо­горку Кеңешинде мыйзам чыгаруу, адам укугун коргоо, улуттук коопсуздук ж-а кылмыштуулук м-н күрөшүү б-ча комиссиянын төрагасы, 1995– 99-ж. Президенттин жардамчысы – КР Президен­тинин ЖКдагы мыйзам чыгаруу жыйынындагы ыйгарым укуктуу өкүлү, КР Президентинин Ад­министрациясынын бөлүм башчысы, Коопсуз­дук кеңешинин катчысы, 2000–08-ж. Э. Алиев атн. КР ИИМдин Академиясынын начальниги болуп иштеген. Медалдар м-н сыйланган.