ИШКАНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИШКАНА – эмгек коллективи тарабынан мүлк­тү пайдалануунун негизинде продукция чыга-


рууга ж-а сатууга‚ жумуш аткарууга‚ кызмат көрсөтүүгө юрид. укугу бар өз алдынча чарба жүргүзүүчү субъект. И. мыйзамдар м-н тыюу са­лынбаган ж-а анын уставында каралган мак­саттарга жооп берген бардык эле чарбалык иш­мердикти жүргүзүүгө укуктуу. И. юрид. жак уку­гуна ээ‚ анын өз алдынча балансы‚ банктарда эсептешүү ж-а башка эсептери‚ өз аталышы түшүрүлгөн мөөрү болот. И-нын жеке (үй-бү­лөлүк)‚ жамааттык‚ муниципалдык‚ мамл. түрү бар. О. эле чарбалык коом ж-а өнөктөштүк‚ өндүрүштүк кооператив‚ ижаралык ж. б. түрлөрү да кезигет. И. стратегиялык башкаруу көз ка­рашынан алып караганда өзүнүн тышкы чөй­рөсү м-н көптөгөн өзгөчө байланыштагы комп­лекстүү‚ ачык социалдык-экон. система болуп саналат. Ал эми стратегиялык башкаруу объек­ти катары структуралык бирдиктердин (чарба­лык бөлүктөрдүн): концерн‚ фирма‚ завод ж. б. өндүрүштүн бир бүтүндүгүн түшүндүрөт.