ИШКАНАНЫН НАКТА КИРЕШЕСИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИШКАНАНЫН НАКТА КИРЕШЕСИ – чарбалык практикада И. н. к. пайда деп аталат. Анын бир бөлүгү мамлекеттин борборлоштурулган накта кирешесине түшөт, калган бөлүгү ишкананын карамагында калып, жүгүртүлчү каражатты толуктоо, борборлоштурулган капитал салымдарын финансылоо, экон. кызыктыруу фонддорун түзүү ж-а ишкананын (бирикменин) пландагы башка чыгымынын ордун финансы жагынан толуктоо үчүн пайдаланылат.