ИШКАНАНЫ САТЫП АЛУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИШКАНАНЫ САТЫП АЛУУ – менчикти мам­лекеттен ажыратуунун түрү. И. с. а. мүлктү са­тып алуу-сатуу аркылуу жүргүзүлөт‚ анын на­тыйжасында менчик түрү ж-а менчик субъекти алмашат. Көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдө эмгек коллективинин ишкананы мамлекеттен сатып алган түрү кеңири тараган. Бул процесс ар түрдүү ыкма м-н ишке ашырылат. Мис.‚ АКШда эмгек коллективи ишкананын акцияларын сатып алат. Капиталды сатып алуу үчүн банк кредити пайдаланылат. Кредит төлөнүп бүткөнгө чейин акциялар ишкананын тескөөсүндө турат‚ толук төлөнүп бүткөндөн кийин гана алар жамааттын ар бир мүчөсүнүн менчиги болуп калат. Cаты­луучу ишкананын наркы рынок баасы б-ча аныкталат. Колдонуудагы эрежелерге ылайык ишкананын наркын баалоодо бир канча фак­тор эске алынат‚ а. и. экономиканын ошол тар­магынын позициясы; капиталга теор. баа ж-а финансылык абал; ишкананын кирешени өстү­рүүгө ж-а дивиденддерди төлөөгө жөндөмдүүлүгү; ишмердик чөйрөсүндө иш жүргүзгөн ишкана­лардын капиталына рыноктук баа. Толук И. с. а-дан кийин эмгек жамааты аны кооперативге АКка же менчиктин коллективи түрүнүн база­сында иштеген башка түрүнө өзгөртүп түзүү туу­ралуу чечим кабыл алат. Эгерде ошол ишкана­нын эмгек коллективи аны сатып алуудан баш тартса же мүмкүнчүлүгү жок болсо‚ конкурстук же аукциондук сатык колдонулушу мүмкүн. Аукциондо сатууда жогорку бааны ким сунуш кылса‚ ошол сатып алуучу болуп эсептелет. Иш­кананы сатып алгандан кийин эмгек коллек­тиви ишкананын бүткүл мүлкүнүн‚ о. эле анда чыгарылган продукциянын толук укуктуу ээси болуп калат. Бул натыйжалуу эмгектин ж-а өндүрүштүн маанилүү өбөлгөсү болуп саналат.