ИШКАНА АКТИВДЕРИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИШКАНА АКТИВДЕРИ – юрид. жактын (ишкананын) акчалай наркы бар менчиги. Буларга алардын колдонулбаган менчиктери, башка жактан алынган каражаттар, баалуу кагаздары, товардык-материалдык баалуулуктары, негизги каражаттары, башка мекеме, ишканалардан чегерилген финансылык инвестициялар, менчиктелген патенттери, ойлоп табуулары, «ноу-хау», жерди ж-а табигат ресурстарын пайдалануусу, чарбаны жүргүзүүчү субъектилери (ишкана, фирма, компания, мекеме ж. б.), ишкердикти илгерилетүүгө пайдаланыла турган түрдүү менчиктер кирет. И. а. материалдык, материалдык эмес ж-а финансылык активдерге бөлүнөт. Кыска мөөнөттүү милдеттенмелерди чегерип алып салгандан кийинки И. а. бардык наркы Таза активдер деп аталат.