ИШКЕР
ИШКЕР – кандайдыр бир пайдалуу иш баштоого ж-а жүргүзүүгө жөндөмдүү‚ жаңы товар‚ кызмат көрсөтүү‚ технология‚ жаңычыл идея‚ капитал салуу чөйрөсү түрүндө мурда белгисиз болгон жаңы рынок мүмкүнчүлүктөрүн издөөчү ж-а ишке ашыруучу чарбакер. «И.» түшүнүгү «капиталист»‚ «башкаруучу»‚ «фабрикант» ж. б. түшүнүктөр м-н маанилеш. «И.» терминин батыш экономика илиминде алгач 18 к-да бизнес теоретиги Р. Катильон (Франция) пайдаланган. И-дин системалаштырылган концепциясын И. Шумпетер (АКШ) өзүнүн «Экономикалык өнүгүүнүн теориясы» деген эмгегинде иштеп чыккан. И-ге өз кызыкчылыгы гана эмес‚
коомдук керектөө да таандык болууга тийиш‚ ансыз ал И. боло албайт. И-дин ролун А. Cмит мындай деп белгилеген: «Өз кызыкчылыгын к ө здөө м-н ал к оомду н к ызык чылыгына көбүрөөк кызмат өтөйт». И. майда менчик ээси‚ АКтын башкаруучусу‚ кооператор‚ ижарачы болушу мүмкүн. Алардын бардыгына чыг-лык‚ демилгелүүлүк‚ кадыр-барк ж. б. мүнөздүү. Рынок экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө ири‚ орто ж-а чакан ишкердик иштейт. Кырг-нда жагымдуу шарт түзүүнү талап кылган орто ж-а чакан ишкердик басымдуу, ири И-лер да көбөйүүдө.