ИШКЕРДИК
ИШКЕРДИК – рынок мамилелеринин өзгөчө атрибуту. Рынокко өтүү чарбалык И-тин субъекттеринин И. демилгелеринин өсүшүн болжолдойт. Өнүккөн рынок И-тин өнүгүшү үчүн жагымдуу шарт түзөт. Негизги түрлөрү: 1) өндүрүштүк; 2) коммерциялык; 3) финансылык.
Өндүрүштүк И. андан ары керектөөчүлөргө сатылуучу товарларды‚ жумуш‚ кызмат көрсөтүүнү‚ маалыматтык‚ рухий байлыкты өндүрүүчү
өндүрүш фазасын ж-а керектөө фазасын камтыйт. Коммерциялык И-те товар-акча‚ соодаалмашуу операциялары ж-а бүтүмдөр чечүүчү мааниге ээ‚ б. а. товарларды ж-а кызмат көрсөтүүнү соодалоо ишин жүргүзөт. Финансылык И-те сатып алуу-сатуу объекти болуп өзгөчө товар – акча‚ валюта‚ баалуу кагаздар эсептелет. И-тин бардык эле түрүнө пландар ж-а программалар керек. Бизнес-план – бул бүтүмдөрдү ишке ашыруунун ж-а анын негизинде пайда табуунун план-программасы‚ б. а. коюлган максаттарга жетүүгө багытталган пландуу иш-чаралардын‚ аракеттердин системасы.