ИШТАМБЕРДИ АЛТЫН КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИШТАМБЕРДИ АЛТЫН КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Чаткал р-нунда, Чаткал кырка тоосу­нун түш. капталында, Касан-Сайдын оң куйма­сы – Иштамберди суусунун төмөнкү агымында, деңиз деңг. 2005–2450 м бийикте жайгашкан. 1934-ж. табылган. 1981–86-ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы антиклинал­дык бүктөлүшкө учураган, түн.-чыгыш жагы гранодиорит интрузиясы м-н жирелген проте­розойдогу мраморлордон, кварц-талаа шпаты­биотиттүү сланецтер ж-а амфиболдуу сланецтер м-н түзүлгөн. Кенташ гранодиорит интрузиясы­на жакын катмар аралык талкаланган зоналар ж-а ар түрдүү багыттагы жаракалардын кеси­лиштери м-н байланышкан. Кен магмадан ки­йинки гидротерм процессинен пайда болуп, та­рам ж-а минералдашкан зона тибине, алтын­сульфиддик формациясына кирет. Кенташтын негизги минералдары: пирит, арсенопирит, ну­кура алтын, антимонит ж. б. Кенташтагы ал­тындын орт. өлчөмү 7,49 г/т. Алтындын запа­сы 78,361 т.