ИШТВАН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
И́ШТВАН I Ыйык (969–1038) – венгр князы (997- жылдан), Венгриянын алгачкы королу (1000 же 1001), венгр мамлекетинин негиздөөчүсү. Борбордошкон кубаттуу Венгр мамлекетин түзүүгө жетишкен. Өлкөдөгү уруулук бытырандылыкты жоюп, и шпандар башкарган адм.-айм. түзүлүштү (комитаттарды) түзгөн. 1030-ж. анын жетекчилиги м-н немистердин кол салуусу токтотулган. Венгрияда христиан (католик) дини
кабыл алынган (1038-ж. И. I ыйыктардын катарына киргизилген).