ИШТЕП ЧЫГАРУУ НОРМАСЫ
ИШТЕП ЧЫГАРУУ НОРМАСЫ – жумушчунун (бригаданын) белгилүү бир убакыттын (сааттын, сменанын, айдын) ичинде иштеп чыгарууга тийиш болгон продукцияларынын же операцияларынын санын объекттин өндүрүмдүүлүгүн, техникалардын, тexнологиянын, өндүрүштү ж-а эмгекти уюштуруунун, жумушчулардын квалификациясынын деңгээлине жараша болот. Иштеп чыгаруунун прогрессивдүү нормасы өндүрүштүн алдыңкы тажрыйбасын, илим м-н техниканын жаңы жетишкендиктерин өндүрүшкө киргизүүнү талап кылат, иштеп чыгаруу нормасы убакыттын фондусун убакыт нормасына бөлүү жолу м-н аныкталат. Убакыт нормасы канчалык чоң болсо, иштеп чыгаруунун сменалык нормасы ошончолук аз болот да, тескерисинче, убакыт нормасы канчалык аз болсо, иштеп чыгаруунун нормасы ошончолук арбын болот; тейлөө нормасы – бир сменада жумушчунун канча сандагы жабдууларды же канча жумушчу орундарын тейлей тургандыгын көрсөтөт. Ил. жактан негизделген убакыт нормасы, иштеп чыгаруунун саны жана тейлөө нормасы эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуунун, адам эмгегин үнөмдөөнүн чечүүчү факторлорунун бири болуп саналат.