ИШТЕТҮҮ СИСТЕМАСЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИШТЕТҮҮ СИСТЕМАСЫ , о п е р а ц и я л ы к с и с т е м а – дайыма компьютердин эсинде туруучу программалар комплекси; колдонмо программалардын аткарылышын камсыз кылат, компьютердин түзүлүшүн башкарууну ж-а анын колдонуучу м-н өз ара аракетин уюштурат. И. с. эсти, киргизүү-чыгарууну, файлдык системаны, процесстердин өз ара аракеттерин башкарат. Компьютер системасы м-н колдонуучунун ортосундагы интерфейсти уюштурат. И. с-нын жүктөлүүсү ж-дөгү маалымат монитордо көрсөтүлөт. Ал маалымат компьютерге ж-а орнотулган жабдууларга ылайык өзгөрүшү мүмкүн.