ЙАКУБ БЕК
ЙАКУБ БЕК , М у х а м м е д Й а к у б - б е к, Ж а к ы п б е к Бадөөлөт Мирлатифбек уулу (1820, Кокон хандыгы, Пскент ш. – 1877, Чыгыш Түркстан, Комул) – Чыгыш Түркстандагы Жети-Шаар мамлекетинин башкаруучусу. Оозеки маалыматтарда кыргыздын кыпчак уруусуна караштуу тору айгыр уругунан экени айтылат. 1851-ж. Кокон хандыгы тарабынан Ак- Мечит (азыркы Кызыл-Ордо) ш-на бек болуп дайындалган. 1852-ж. Ак-Мечитке кол салган полковник Бларамбергдин колуна катуу сокку берген. Кийин «Сары-Камыш көлүн орус өкмөтүнө сатты» деген айып м-н өлүм жазасына буюрулуп, бирок Алымкул аталыктын жардамы м-н Бухарага качкан (1853). Кудаяр хан тактан түшкөндө (1858), Коконго кайтып келген. Кудаяр хан экинчи жолу бийликке келгенде (1862), Й. б. кайрадан өлүм жазасына буюрулган. 1863-ж. Алымкул аталык ага ордо кызматынын бирин берген. 1864-ж. Чыгыш Түркстанда Цин баскынчылыгына каршы көтөрүлүш башталып (к. Дуңган көтөрүлүшү, Дуңган хандыгы), «Канкожо» деген ат м-н кара тоолук кожо Рашид-ад Дин хан шайланган. Анын иниси Искак кожо кол башчы болуп, бул жактагы шаарларды кытай аскеринен бошото баштаганда, кара тоолуктарга каршы Кашкардын беги Сыдыкбек (бул дагы кыпчактын тору айгыр уругунан) жардам сурап, Кокон хандыгына кайрылган. Ушундай учурдан пайдаланып, аларды өз таасирине алууну көздөгөн Алымкул ал жакка актоолук (к. «Ышкиййа тарыкаты») кожо – Жааңгердин тукуму Бузурукту жиберген. 1864-ж. Бузурук кожо Й. б-тин ж-а Алымкулдун тууганы Алдаштын коштоосунда 60 киши м-н Кашкарга киргенде, Сыдыкбек бийликти Бузурук кожого берген. Й. б. баатыр-башы кызматын алып, Кашкардын айланасында жети шаарды басып алган (ошондуктан кийин тарыхта «Жети-Шаар мамлекети» деп аталат). Бузурук кожону күч м-н Мекеге жиберип, өзүн Жети-Шаар мамлекетинин башчысы – «Йакуббек бадавлат» («бай дөөлөт» – дөөлөт ээси) деп жарыялаган (1866). 1867-ж. Й. б. Чыгыш Түркстандагы Кашкар, Жаркент, Котон, Аксу ж. б. ш-ды биротоло баш ийдирген ж-а тышкы саясатында Англия м-н Россиянын ортосундагы карама-каршылыкты пайдаланган. Россиядан Жети-Шаар мамлекетин расмий таанууну, өздөрүнө курал-жарак сатууну ж-а Түркстан, Жети-Суудан Жети-Шаарга өтүүнү каалоочуларга тоскоолдук кылбоону сураган. Бирок орус өкмөтүнүн Й. б. м-н мамиле түзүү аракети оңунан чыккан эмес. Россияга каршы кыргыз манаптарын колдоп (к. Үмөтаалы Ормон уулу, Осмон Тайлак уулу), Ат-Башыны өзүнүкү деп эсептеп, Кара-Кужур, Соң- Көлдү алууга ниеттенген. Сарыбагыштын манабы Адыл, бугудан Балбай баатыр, солтодон Маймыл м-н сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ал үч урууну орус баскынчыларына каршы көтөрүүгө чакырат, бул кеңеште Шабдан да болгон. Аны м-н байланышы бар деген орус бийлиги Адыл, Балбай баатырларды кармап, Верный ш-на жөнөтүп, Маймылды Олуя-Атада атып өлтүрүшкөн. Ошол эле убакта Й. б. Форсайт баш таган. Англия элчилигин жылуу кабыл алып (1870), ачык эле Түркия м-н Британияга ыктай баштаган. Жети- Шаардын туусу Түркиянын желеги болуп, түрк султаны Абдул-Азиздин атынан тыйын чыгарылып, түрк султаны ага эмир даражасын ыйгарган. Кашкар ш-нын атынан Мекеге сарай салдырган. 1870-ж. Й. б. өз ээлигин дагы кеңейтүү максатында Кулжага кол салган. Орус бийлигинен катуу запкы тартып жатышкан кыргыз, казак тар аны т ирек кыл ып, көбү Чыгыш Түркстанга качышкан. Орус бийлиги аларды кайра кайтарууну талап кылат, бирок ал аткарылган эмес. Натыйжада, 1871-ж. июль айында генерал Колпаковский 3 отряд аскерин Кулжага кийрип, Иле аймагын караткан ж-а Таранчы султандыгы жоюлган. Й. б. м-н Россия үчүн пайдалуу соода келишими түзүлгөн (1872). 1874-ж. Англия м-н келишим түзүлүп, ал Кашкардын көз
карандысыздыгын ж-а Й. б-тин бийлигин тааныган. Анын аскеринин басымдуу бөлүгү кыргыз, казактардан турган. 1877-ж. Комулга жакын жерде капысынан кайтыш болгон.
Ад.: Веселовский Н. Бадаулет Якуб-бек Аталык Кашгарский. СПб., 1898; Куропаткин А., Кашгария. СПб., 1879; Тихонов Д. И. Восстание 1864 г. в Восточном Туркестане. М., 1948; Кузнецов В. С. Империя Цин и Мусульманский мир. Новосибрск, 1990; Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Б., 1993; Халид К. Тауарих-хамса. А., 1992.
Э. Турганбаев.