ЙЕЛЛОУСТОН УЛУТТУК ПАРКЫ
ЙЕ́ЛЛОУСТОН УЛУТТУК ПАРКЫ – Америка Кошмо Штаттарынын түндүк-батышында (Вайоминг, Монтана жана Айдахо штаттарында) 1872-жылы дүйнөдө биринчи уюшулган корук. Аскалуу тоолордогу жанар тоо платолорунда жайгашкан. 2200–2500 м бийикте. Аянты 9 миң км2. Баткактуу жанар тоолор, гейзерлер (3000 миңден ашык) көп. Гейзерлердин бийиктиги 90 мге (Экселиор) жетет. Йеллоустон дарыясында тереңдиги 360 м, узундугу 20 кмге жеткен чоң капчыгай (каньон), бийиктиги 34 жана 94 м болгон шаркыратма бар. Ийне жалбырактуу токой (мырза карагай, көк карагай, карагай жана башкалар) каптап жатат. Айбанаттары: бизон, кара аюу (барибал), бугу, күрөң аюу (гризли), багыш, ача мүйүз, аркар, койот жана башкалар, куштардан – ак баш, суу бүркүт, ак бир казан жана башкалар (200 түр) бар. Туризмдин борбору. Туристтер июнь–август айларында көп келет.