ЙЕМЕН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЙЕ́МЕН (Аль-Йаман), Й е м е н Р е с п у б л и­к а с ы (аль-Жумхурий аль-Йаманий) – Түш.- Батыш Азиядагы мамлекет; Араб ж. а-нын түш.-батышында. Батышынан Кызыл деңиз (ан­дагы Баб-эль-Мандеб кысыгы Й-ди Африкадан бөлөт), түштүгүнөн Аден булуңу м-н чулганып, түндүгүнөн Сауд Арабиясы, чыгышынан Оман м-н чектешет. Й-ге о. эле Араб деңизиндеги Со­котра ж-а Эль-Ихван, Баб-эль-Мандеб кысы­гындагы Перим, Кызыл деңиздеги Зубайр, Эль- Ханиш-эль-Кабир ж. б. аралдар да карайт. Аян­ты 528,1 миң км2; түн. ж-а түн.-чыгыш чек ара­сы чөл аркылуу өткөндүктөн, так аныкталган эмес. Калкы 21,9 млн (2008). Расмий тили – араб тили. Борбору – Сана ш. Аден өлкөнүн экон. борбору статусуна ээ. Акча бирдиги – Йемен риа­лы. Адм.-айм. жактан 20 мухафазага бөлүнөт, Сана ш. өзгөчө адм. бирдик болуп саналат.
И. – БУУнун (1947), Араб өлкөлөр лигасы­нын (1945), Ислам конф-ясы уюмунун (1969), ЭВФтин (1969) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү

. Йемен – унитардык мамлекет. Конституциясы 1991-ж. 16-майда

Администрациялык-аймактык бирдиги (2007)

кабыл алынган. Башкаруу формасы – президент­тик республика. Мамлекет башчысы – прези­дент (7 жылга шайланат). Президент вице-пре­зидентти ж-а премьер-министрди дайындайт. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – Өкүлдөр палатасы (Мажлис ан-нувваб), андагы 301 де­путат жалпы эл тарабынан 6 жылга шайланат. Кеңеш берүү советинин (Мажлис аш-шура) 111 өкүлүн президент шайлайт. Аткаруу бийлиги президент м-н Министрлер кеңеши тарабынан ишке ашырылат. Өкмөттү премьер-министр баш­карып, ал президент м-н кеңешип министрлер­ди дайындайт. Премьер-министр ж-а өкмөт жал­пысынан президенттин ж-а Өкүлдөр палатасы­нын алдында жооптуу. Мыйзам чыгаруу ша­риатка негизделген. Сот системасы ислам, түрк, англис ж-а жерг. уруулук укуктарга таянат. Бүгүнкү күнгө чейин Й-де уруулар аралык ма­милелер өкүм сүрүп, расмий бийлик м-н уруу­лардын ортосунда чыр-чатактар болуп турат.
Й-ге көп партиялуулук мүнөздүү. Негизги сая­сий партиялары: Элдик жалпы конгресс, Й. ре­формаларды коргоо бирикмеси (Ислах), Й. соц. партиясы ж.б.

Табияты

. Кызыл деңиздин ж-а Аден булуңу­нун жээктеринде булуң-буйткалар аз, жапыз, айрым жерлеринде шуру (коралл) рифтери бар. Инди океанында Сокотра а., Кызыл деңизде жа­нартоодон ж-а кораллдан пайда болгон арал­дар көп. Жээк түздүктөрүнүн эң ириси – Тиха­ма (жазылыгы 50–70 км) чөлдүү, кум дөбөлөрү ж-а шор жерлер, айрым жерлеринде саздак лагу­налар кездешет; кургак сайлар (вади) м-н жыш тилмеленген. Батышында ж-а борб. аймакта­рында тоолор басымдуу; эң бийик жери Йемен


Йемен тоолорундагы жасалма тектирлер.

тоолорундагы Эн-Наби-Шаиб чокусу, 3660 м. Тоо­лордун түн. капталдары барган сайын жапыз­дап Руб-эль-Хали чөлүнө өтөт, түш. беттери де­ңиз жээгиндеги ойдуңдарды (эң жазы жери 50 км) карай тик түшөт. Чыгышын кенен түздүктөр ээлейт (бийикт. 1000 мге чейин). Туз, нефть, газ ж. б. кендери бар. Климаты тропик­тик, кургакчыл; деңиз жээгинде (Аденде) ян­вардын орт. темп-расы 25°С, июлдуку 32°С; жылдык жаан-чачыны 40 мм. Тоолуу бөлүгү са­лыштырмалуу салкыныраак келгендиктен, жаан-чачын 700 ммге чейин жаайт. Туруктуу аккан дарыясы жокко эсе, жылдын көп мезги­линде соолуп калат. Чөл ландшафты басымдуу; тоолорунда алтыгана, сейрек дарактуу саванна


Хадрамаут каньону.

кездешет. Деңиз жээгиндеги оазистерде курма ж-а кокос пальмасы өсөт.

Калкы

. Калкынын басымдуу бөлүгү арабдар; калгандарын индиялыктар, пакистандыктар, эфиопиялыктар, сомалиликтер ж-а еврейлер түзөт. Өлкөнүн чыгышын ж-а түн.-чыгышын 100 миңге жакын көчмөн бедуиндер мекен­дейт. Йемендиктердин 750 миңге жакыны Араб ж. а-ндагы башка өлкөлөрдө жашайт. Калкы­нын табигый өсүүсү 3,1%. Калкынын орт. жыш­тыгы: 41,4 адам/км2, эң жыш отурукташкан аймак – Хадрамаут мухафазасы 1113,3 миң), шаар провинцияларынын ичинен Аден ш. Ж-а

Айылга мүнөздүү алачык.

анын айланасы (калкы 650,7 миң), эң сейрек жайгашканы өлкөнүн чыгышындагы – Махра (98 миң). Шаар калкы 26% (2005). Мамл. дини – ислам. Конфессиялык белгилери б-ча калкы негизги эки топко бөлүнөт: зейдиттер сектасын­дагы шииттерге (түн. батышындагы тоолуу ай­мактарда) ж-а шафиит багытындагы сунниттер­ге. Исмаилиттер бар. Ири шаарлары (2008): Сана

Сана – Йемендин борбору.

(калкы 1876,7 миң), Аден (649,9 миң), Таиз (522,6 миң), Ходейда (448,0 миң), Эль-Мукалла (198,7 миң).

Тарыхы

. Й. аймагында б. з. ч. 2–1-к-да түш.- араб цивилизациясы калыптанып, Хадрамаут, Катабан, Аусан, Саба, Маин мамлекеттери пай­да болгон. Б. з. 4–6-к-нда аймакты Абиссиния королдугу ж-а Персия каратып алган. 7-к-дан Й. Араб мусулман халифатынын курамына ки­рип, өлкөгө ислам дини тараган. 16-к-дын ба­шында Осмон империясынын курамына кошул­ган. 1633-ж. өз алдынчалыкка ээ болгон. 1839-ж. Түш. Й. Улуу Британиянын бийлигине карап калган. Түн. Й. 1918-ж. Осмон империясына көз карандысыздыктан кутулуп, 1926-ж. имам ба­шында турган Й. королдугу аталган. Экинчи дүйнөлүк согушта Й. бейтараптык саясат жүргүз­гөн. 1962-ж. Й. Араб респ. түзүлгөн. Ал эми Түш. Й. 1967-ж. көз карандысыздыкка жетип, 1967-ж. көз каранды эмес Түш. Й. Эл Респ. жарыя­ланган. Түш. Й. 1970-ж. Й. Элдик Демокр. Респ.


деп аталып, сов. үлгүдө өнүккөн. Жыйырма жыл­га жакын убакыт бул эки мамлекеттин орто­сунда айыгышкан күрөш жүргөн. 1990-ж. 21- майда эки өлкө биригип, Йемен Респ. жарыя­ланган. 1991-ж. жаңы конституциясы кабыл алынганына карабастан, өлкөдө түн. ж-а түш­түккө бөлүнүү тенденциясы сакталып кала бер­ген. 1994-ж. алардын ортосунда ири согуштук чыр-чатак чыгып, түндүктөгүлөрдүн жеңиши м-н аяктаган ж-а биримдик сакталып калган. 1999-ж. шайлоодо Али Абдалла Салех жеңиш­ке жетишип, өлкөнүн президенти болуп калган. 2006-ж. сентябрда ал экинчи мөөнөткө кайра­дан шайланган.

Экономи касы

. Й. – эк ономикас ы начар өнүккөн, кедей өлкө. ИДПнин көлөмү 52,6 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 2400 доллардан туура келет. Чарбасынын негизин – нефть өндүрүү ө. ж. түзөт. Сыртта, айрыкча Сауд Арабиясында иштегендерден түшкөн акчанын (1,3 млрд доллар; 2005) ж-а сырткы экон. жар­дамдын (252 млн доллар) мааниси зор. ИДПнин 46,7%ин тейлөө чөйрөсү, 40,9%ин ө. ж., 12,4%ин а. ч. ж-а балыкчылык түзөт. Туз, нефть, темир кенташтары, асыл таштар казылып алы­нат. Й-деги нефтинин запасы 4,5 млрд т; 2005-ж. 20,8 млн т нефть казылып алынып, аны экспорттоодон түшкөн киреше 2,1 млрдды түз­гөн. Нефть казып алынуучу негизги региондору: Мариб, Шабва, Хадрамаут мухафазалары. Аден, Мариб ж. б. ш-нда нефть ажыратуучу з-ддор иштейт. Табигый газдын запасы 452 млрд м3. Пахта тазалоочу, кийим тигүүчү, энергетика ж-а тамак-аш-татымал (а. и. тамеки, кофе та­залоочу ж. б.), дары-дармек, сигарета, курулуш материалдар, цемент ө. ж. ишканалары, кеме ремонттоочу з-д (негизинен Аденде ж-а анын ай­ланасында) бар. Үй-тиричилик буюмдарын, кез­деме, булгаары-бут кийим, карапа ж-а зер буюм­дарын, курал чыгаруучу майда кол өнөрчүлүк өндү­рүштөрү иштейт. Оор ө. ж-нын жоктугу, транспорт­тук инфраструктуранын на­чар өнүгүшү, суунун жетиш­сиздиги Й-дин ө. ж. инф­раструктурасынын өнүгү­шүнө кыйла кедерги болот. А. ч. – өлкөнүн экономи­касынын маанилүү тарма­гы. Өлкө өзүнүн азык-тү­лүккө болгон муктажды­гын камсыз кыла албаган­дыктан, анын көбүн сырт­тан сатып алат. Өлкөнүн аймагынын 1%тен азыраа­гы гана иштетүүгө ыңгай­луу. Дыйканчылыктын не­гизги аймагы – Йемен тоо­лорунун тектирленген капталдары. А. ч-нын башкы тармагы – өсүмдүк өстүрүүчүлүк. Башкы экспорттук өсүмдүгү – кофе (Жебель); о. эле курма ж-а кокос пальмасы, жүзүм, мөмө дарак­тары (анжир, шабдалы, манго, анар ж. б.), тех. ж-а жыпар жыттуу өсүмдүктөр (кунжут, им­бирь, пахта, тамеки) өстүрүлөт. Башкы а. ч. өсүмдүктөрү: дурра, арпа, буудай, жүгөрү, буур­чак, жашылча. Өлкөнүн түштүгүндөгү ж-а түш.- чыгышындагы чөлдөрдө ж-а жарым чөлдөрдө оазистик дыйканчылык (дан эгиндери – таруу, ак жүгөрү, буудай, арпа), тех. өсүмдүктөр (кун­жут, пахта, кофе, тамеки), о. эле жашылча,

Кофе жыйноо.

тропик мөмө-жемиштери, курма ж-а кокос пальмасы өстүрүлөт. Көчмөн мал чарбасы өнүк­көн; 2003-ж. 1,4 млн бодо мал, 6,6 млн кой, 7,3 млн эчки, 0,3 млн төө болгон. Балык карма­лат. Кургатылган ж-а туздалган балык экспорт­ко чыгарылат. Бермет алынат. Деңиз промысе­ли бар.
Тейлөө чөйрөсүндө Суэц каналына өтүп бара­тып, Аден портуна кирген чет өлкөлүк кеме­лерди тейлөөнүн (май куюу, ремонт ж. б.) маа-


Йемен акчасы.

ниси зор. Й-де чет өлкөлүк туризм өнүгүүсү үчүн жетишерлик ресурстар (маданий-тарыхый эсте­ликтер, ыңгайлуу табигый-климаттык ресурс­тар) бар. Бирок, өлкө ичиндеги туруксуздук, ин­фраструктуранын начардыгы ж-а сервистин на­чарлыгы туристтердин келүүсүнө кедерги бо­лууда. Борб. банк, 11 коммерциялык банк, 2 адистештирилген мамл., 3 ислам банкы иштейт. Эң ири коммерциялык банкы – Араб банкы (ага бардык банк активинин 60%и таандык). Чеке­не ж-а дүң соода өнүккөн.
Т. ж. жок. Автомобиль жолунун уз. 71,3 миң км. Башкы деңиз порт – Аден, негизгилери – Ходейда, Моха, Салиф, Аль-Мукалла. 50 аэро­порту бар; эң ири эл аралык аэропорту – Сана­да, калгандары – Аден, Сайяон, Таиз, Ходейда ш-нда. Магистралдык куур транспортунун уз. 1402 км, а. и. нефть куурунуку 1309 км, газ куу­рунуку 71 км, суюлтулган газдыкы 22 км. Экс­портко негизинен нефть, кофе, кургатылган ж-а туздалган балык чыгарып, сырттан машина ж-а жабдуу, азык-түлүк, тирүү мал, химикат сатып алат. Негизги соода шериктери: Кытай, Индия, Таиланд, Сауд Арабиясы, Түш. Корея, АКШ, Бириккен Араб Эмирликтери, Кувейт.

Маданияты

. Й-де билим берүү системасы өлкө көз карандысыздыкка жетишкенден кийин өнүгө баштаган. Билим берүү ж-дөгү мыйзам 1992-ж. кабыл алынган. Балдар м-н кыздар бө­лөк окушат. Окуу 6дан 15 жашка чейин милдет­түү ж-а акысыз. Кесипчилик-тех. билим берүү 2 жылдык кесиптик борборлордо жүргүзүлөт. Жо-

Йемендеги мечит.

горку билимди 15 ЖОЖ, а. и. 5 мамл. ун-т бе­рет. 15 жаштан жогорку курактагы калктын 54,1%и сабаттуу (2004). Ил. изилдөө ун-ттерде жүргүзүлөт. Китепканалар, Улуттук музей, эт­ногр., фольклор ж. б. музейлер иштейт.
Й-де 120дан ашык мезгилдүү басылма чыгат. Гезиттери араб («Ас-Саура», «Аль-Жумхурия» ж. б.); англис («Йемен таймс», «Йемен обсер­вер») тилдеринде чыгат. Радио уктуруу Түш. Й-де 1940-, Түн. Й-де 1946-жылдан иштейт. Те­лекөрсөтүү 1964-жылдан иштейт.
Ад-ты 20-к-га чейин о. кылымдагы араб ад-тынын нугунда өнүккөн. Жаңы ад-ттын жа­ралышы 1940-ж. Аденде арабча «Фатат аль-Джа­зира» гезитинин чыгышына байланыштуу.
Катабан падышалыгынын борбору Тимнанын (б. з. ч. 9–1-к.) таш чыңдоолору, дубалдарында жазуулары бар имараттардын калдыктары бар урандылары сакталган. Хадрамаутта б. з. ч. 5– 4-к-дагы коргонуу үчүн таш дубал шаарлардын урандылары (Шабва) табылган, аскадагы күм­бөздөрү м-н көлмөлөр да сакталган. Падыша сарайларынан храм калдыктары сакталган. Й. жергесинде б. з. ч. 5-к-дан б. з. 1-к-нда топу­рак, таштан салынган шаар имараттарынын калдыктары (төрт чарчы пландагы мунара, храм, турак үйлөр ж. б.) жолугат. Б. з. ч. 1-к-да жасалган эллиндик мүнөздөгү статуялар, дубал­га түшүрүлгөн коло рельефтер учурайт, о. эле коло, алтын асем буюмдар, жөнөкөй оймо-чий­ме м-н кооздолгон чопо идиштер да табылган. Кээ бир шаарлары байыркы келбетин сактап,


Эль-Укдадагы сейиддердин үйү.


Са на д а гы Й ем е н борбордук банкы. 1980

.


о. кылымдагы арх-раны элестетет. Й-де муна­ралуу үйлөр басымдуулук кылат. Азыркы кез­де Й-де ө. ж. ишканалары ж-а сугат тармакта­ры ж-а жаңы шаарлар курулууда.
Й. элдеринин байыртадан келаткан салттуу муз. мад-ты коңшу араб өлкөлөрүнүн мад-ты м-н жалпылыктарга ээ болгон өлкөнүн борб. райондорунда сакталып калган. Музыкасынын айрым түрлөрүнүн өнүгүшүнө африка мад-тынын таасири тийген. Популярдуу жанры – «Сана му­зыкасы». Лирикалык ж-а саясий ырлардын лахжи стили алгач Аденде жаралып, 1980-жыл­дардан Йемен өлкөсүнө кеңири тараган. 20-к-дын ортосунда көрүнүктүү өкүлдөрү – ырчы-аткаруу­чулар: Мухаммад Жума хан Салих, Абдаллах аль Антари, Ахмад Фадль аль Лахжи. 20-к-дын аягында мад-т ишмери, фольклорчу, этнограф Жамиль Ганим «Тахт Йамани» аттуу Й-деги биринчи эл аспаптар ансамблин, Музыка ин­тун (1973), Й. Куралдуу күчтөрүнүн Кыл аспап­тар оркестрин негиздеген. Музыка ин-тунун ба­засында элдик бийлердин мамл. ансамбли (1974) түзүлгөн. Й. музыкасын өнүктүрүүгө М. Атраш, А. бен Гоудаль, А. Касем ж. б. композиторлор салым кошушкан. 1970-жылдардан батыш ти­биндеги поп-музыка кеңири жайылган.


Ад.: Страны и народы. Зарубежная Азия. Общий обзор. Юго-Западная Азия. М., 1979; Новейшая исто­рия арабских стран Азии. 1917–1985. М., 1988; По­ляков К. И. Объединенный Йемен: эволюция идеоло­гии и ислам. М., 2000; Деловой Йемен: экономика и связи с Россией. М., 2002; Йемен // Большая Россий­ская энциклопедия. Т. 12. М., 2008. Ө. Бараталиев, А. Кубатова.