ЙЕМЕНДИКТЕР
ЙЕМЕНДИКТЕР , Й е м е н а р а б д а р ы – эл, Йемендин негизги калкы. Жалпы саны 20 млндой киши (2007). Йемен диалектисиндеги араб тилинде сүйлөшөт. Ислам динин (шииттер) тутушат. Й. негизинен дыйканчылык, мал чарбачылык, балыкчылык, кол өнөрчүлүк м-н кесиптенишип, соода-сатык жүргүзүшөт. Й. жүндөн жасалган чатырларда, жер төлөлөрдө, үстү саман же пальма жалбырактары м-н жабылган алачыктарда, таштан салынган үй-чептерде, ал эми шаарларда дубалы таш же кыштан тургузулуп, оймо-чиймеленген, көп кабаттуу үйлөрдө жашашкан. Улуттук кийимдери –

эркектери ак матадан кабатталган белдемчи, көйнөк кийип, белине булгаарыдан кур (хузам) байлап, канжар тагынып, башына жоолук (куфия) оронушат, айрым жерлерде жеңдүү, узун ак көйнөк кийип, жашыл же көк түстүү жүндөн токулган шарф жамынышат. Аялдары – узун көйнөк, кыска кофта кийип, бетин кара түстүү жамынгычтар м-н жаап, башына көк жоолук оронушат. Тамак-ашы негизинен ун, күрүч, курма, жашылча, эт, балык азыктарынан даярдалып, суусундук катары кофе, чай

ж-а таттуу арак колдонулат. Элдин бардык катмары кат (чайноочу өсүмдүк) чайнашат, к. Арабдар. Ш. Керимова.