ЙОГОЧАРЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЙОГОЧАРЛАР – буддизмдеги негизги эки агым­дын биринин – түн. буддизми болуп саналган махаянанын жолун жолдоочулар. Башкы өкүл­дөрү: Асанга (4–5-к.), Васубандху (5-к.), логик­тер – Дигнага (6-к) ж-а Дхармакирти (7–8-к.). Инсандын психикалык болмушунун бирден бир реалдуулугу ж-дөгү буддисттик идеяны конкрет­тештирип, Й. ар кандай мазмундан ажыратыл­ган таза аң-сезимдин (вижнянанын) артыкча маанилүүлүгү ж-дөгү концепцияны өнүктүргөн. Адамдын умтулууларынын максатын түзгөн ушундай абалга жетүү – бодхи (сөзмө-сөз – «акыл-эстин ордуна келүүсү») же нирвана. Йо­галардын тажрыйбасы ага жетүүнүн башкы ка­ражаттарынын бири деп эсептелет.