ЙОКОГАМА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЙОКОГА́МА , И о к о х а м а – Япониядагы шаар, Хонсю а-нда, Токиого жакын жайгашкан. Өлкөнүн алгачкы порту (жылына 120 млн т жүк ташылат). Канагава префектурасынын адм. борбору. Калкы 3,3 млн (1995); калкынын саны б-ча Токиодон кийинки 2-шаар. Метрополитен. Машина куруу (а. и. кеме куруу), металлургия, хим., атом, текстиль ж. б. ө. ж. ишканалары иштейт. Төрт ун-т, тарыхый архив (1981) бар. Й. 1858-ж. балыкчылар посёлкасы катары пайда болгон. Синтоизм ж-а христиан храмдары сакталган.