ЙОРК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЙО́РК – Улуу Британиядагы шаар. Йоркшир графтыгында. Уз д-ндагы дарыя порту. Калкы 104 миң (1998). Маанилүү жолдор тоому. Тамакаш (шоколад), айнек, машина куруу ө. ж. ишканалары иштейт. Алгач 1-к-да Рим сепили.

6-к-дан Англия, Саксония ж-а Дания королдуктарынын борбору, 9-к-да даниялыктар басып алган. 735-жылдан Йорк архиепископторунун резиденциясы. Ун-т, музей, сүрөт галерея музейсепил бар. Роман-готика стилиндеги собор (11– 15-к.), Сент-Мэри аббатчылыгы (13-к.), сепил (13-к.), 15–16-к-дагы турак-жайлар сакталган.