ЙОРУБАЛАР
ЙОРУБАЛАР – Түш. Нигериянын негизги калкы. О. эле Нигериянын батышы ж-а түш.-батышында, Бенинде, Гананын түш.- чыгышында, Тогодо да жашашат. Жалпы саны 26, 2 млн киши (1998). Нигер-конго тилдер тобундагы йоруба тилинде сүйлөшөт. Й. христиан (протестант, англикан, баптист) ж-а ислам (мусулмансуннит) динин тутушат. Й-дын түпкү теги ж-дө маалыматтар өтө аз. Й-дын этностук негизин азиялыктар же египеттиктер түзгөн деген божомолдор бар. Й. дыйканчылык, балыкчылык ж-а мал чарбачылык м-н кесиптенишип, дубалы

жыгачтан тургузулуп, ылай м-н шыбалган, чатыры саман, пальма жалбырагы же одуракай темирден эки же төрт кырлуу жабылган үйлөрдө жашашкан. Й. бөздөн тигилип, саймаланган кийимдерди кеңири баалашат. Тамак-ашы негизинен дан, эт, балык ж-а жашылча азыктарынан даярдалып, ямс, банан, маниок, батат, коон, нан дарагынын мөмөсү, сорго көбүрөөк колдонулат.