ЙОСЕМИТИ УЛУТТУК ПАРКЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЙОСЕ́МИТИ УЛУТТУК ПАРКЫ Сьерра-Невада тоолорунда (Калифорния штаты). Америка Кошмо Штаттарындагы алгачкы коргоого алынган ландшафт (1864), 1890-жылдан улуттук парк. Аянты 304 миң га (1970). Табияты өзгөчө кооз, шаркыратма кас­каддары бар (жал­пы бийиктиги 739 м, эң бийиги Жогор­ку Йосемити шар­кыратмасы – 436 м) Йосемити Крик дарыясынын өрөөнүн камтыйт. Анда ий­не жалбырактуу, алп секвойялуу (жашы миң жыл­дан ашкан) токой­лор өсөт. Сүт эмүү­чүлөргө (78 түр;

Йосемити улуттук паркы.

кара аюу, барибал, кара куйрук бугу жана башкалар) жана куштарга (200 түр) бай. Туризм чордону. Жылы­на 1,7 млндон көп турист келет.