ЙОШКАР-ОЛА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЙОШКА́Р-ОЛА́ (1919-ж. чейин Царёвококшайск, 1927-ж. чейин Краснококшайск) – Марий Эл Респ-нын борбору, шаар (1781-жылдан). Кичи Кокшага д-нын (Волганын сол куймасы) боюн-

да жайгашкан. Калкы 277,2 миң (2003). Т. ж. бекети. Шаар 1584-ж. негизделген. 1708-ж. Пётр I реформа жүргүзгөндө Казан губерниясынын курамына кирген. 1781-жылдан уезддик шаар болгон. Респ-нын ил. ж-а маданий борбору. Машина куруу (з-ддору: жарым өткөргүч приборлор, муздаткыч жабдуулары, токой ө. ж. үчүн аспап ж. б.), целлюлоза-кагаз, жыгаччылык, жеңил, тамак-аш ө. ж. ишканалары иштейт.
Үч ЖОЖ (а. и. Марий ун-ти), 4 театр (муз., драма, куурчак, орус драма), край таануу музейи ж. б. бар.