КААБА
КААБА (ар. кааба – куб, төрт чарчы) – Сауд Арабиясынын Мекке (Мекка) ш-ндагы мусулмандар (сунниттер) зыярат кылуучу Ыйык мечиттин короосунда жайгашкан имарат. Анын бийикт. 15 м, уз.

13 м, туурасы 12 м, пайду балы мрамордон, дубал ы боз таштан тургузулган. Чыгыш тарабына Алла асмандан жиберген деп эсептелинген «кара таш» кошо коюлган. К-нын үстүнө Курандын ал т ын жи п м-н жазылган аяттары бар кара жабуу жабылган. Мухаммед пайгамбар исламды жаңы дин катары жарыялаганга чейин эле К-га арабдардын курейш ж. б. уруулары сыйынып турушкан. Мусулмандар намаз окуп жатканда К. тарапка (кыбылага) карап турууга тийиш. Ажылыкка баргандар К-ны жети айланып, анын «кара ташын» өбүшү ылаазым. К-нын жанында Ыйык Замзам суусу (Земзем булагы) бар. Эгемендүүлүктүн шартында Меккеге барып, ажы болуп келген кыргыздардын саны арбууда.