КААДА-САЛТ
КААДА-САЛТ – кандайдыр бир элдин турмуш-тиричиликтеги, үй-бүлөдөгү жүрүм-турум нормалары, эрежелери, ырым-жырым, адеп-ахлак, каада-жөрөлгө, жол-жоболордун жыйындысы. Каада-салт улут пайда болгонго чейин эле узак мөөнөт жашап келген, белгилүү географиялык чөйрөгө жана тарыхый шарттарга байланыштуу калыптанган, ар бир элдин, этностук топтун, улуттун ичинде гана салыштырмалуу туруктуулукка ээ жана бир муундан экинчи муунга тынымсыз өтүп, коомдук пикирдин күчү менен аткарылып жана сакталып турат. Каада-салт адегенде диний түшүнүктө, кийин социалдык жана күндөлүк жашоо-турмушка ыңгайлашып, байыркы замандан бери оңдолуп-түздөлүп, өзүнө мүнөздүү туруктуу жөрөлгөлөр менен коштолуп, акырындап элдин салтына айланат. Кыргыз элинин каада-салттары көчмөндүк шартта тектеш этностук-маданий чөйрөнүн өз ара байланышында жана таасиринде түзүлүп, олуттуу өзгөрүүлөр (диний түшүнүктөрдө, сөөк коюу каадасында, социалдык мамилелерде жана башкалар) менен жаңыланып жана өркүндөтүлгөн. Кыргыздардын үрп-адаттары менен каада-салттары мазмуну боюнча бай жана этностук-маданий комплекс болуп саналат. Анда ар кандай тарыхый доорлордо, социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүнүн ар кандай деңгээлдеринде пайда болгон үрп-адаттар менен каада-салттар жуурулган. Үрп-адат менен каада-салттарды идеологиялык чагылдыруу синкреттик мүнөздө болгон: алардан ислам салт-санаалары менен бирге исламга чейинки ишенимдердин, сыйынуулардын жана үрп-адаттардын бүтүндөй катмарын көрүүгө болот. Каада-салттарды жана үрп-адаттарды ар кандай ырым-жырымдар, жөрөлгөлөр коштойт. Каада-салт адамдын өмүр мерчемин, социалдык мамилелерди, маданияттын материалдык объектилерин жана башкаларды өзүнө камтып, баланын төрөлүшү (сүйүнчү, көрүндүк, ат коюу, жентек, бешик той, тушоо кесүү, сүннөткө отургузуу жана башкалар), кыз берүү, келин алуу, бел куда, бешик куда, кудалашуу (тогуздап калың берүү, сөйкө салуу, күйөөлөө, жар көрүшүү, кыз оюн, кыз узатуу, келин көрүү, нике кыюу, өкүл ата, өкүл эне дайындоо, отко киргизүү, төркүлөтүү, сеп берүү жана башкалар), сөөк коюу, эскерүү (кабар айтуу, тул көтөрүү, кара кийүү, өкүрүү, конок алуу, сөөк жуу, кепиндөө, узатуу, сөөк коюу, мүчө таратуу, жыртыш берүү, кара аш, үчүлүк, жетилик, кыркылык, жылдык аш, жыт чыгаруу, куран окутуу жана башкалар), календарлык салт (Нооруз тосуу, аластоо, Орозо айт, Курман айт өткөрүү жана башкалар), көч, конок күтүү, тартуу берүү (эски журтта түлөө берүү, өрүлүктөө жана башкалар), турак жай (үй көтөрүү, там салуу, үй тою жана башкалар), күндөлүк жашоо-тиричилик (мал багуу, жер айдоо, түшүм алуу жана башкалар), кийим-кечек (ак калпак, кандагай, кементай, ичик, тон, топу, тебетей, шөкүлө, элечек, белдемчи, кемсел жана башкалар), тамак-аш (айран, жуурат жана башка сүт азыктары, бешбармак, жөргөм жана башка эт азыктары, көжө, максым жана башка дан азыктары, боорсок, көмөч жана башка нан азыктары, кымыз, бозо жана башка суусундук ичимдиктер) жана башкага байланыштуу бир нечеге бөлүнөт. Кыргыз элинин үрп-адаттары, каада-салттары жана материалдык маданияты анын улуттук этностук өзгөчөлүгүн аныктайт.
А. Көчкүнов.