КААДА-САЛТ ЫРЛАРЫ
КААДА-САЛТ ЫРЛАРЫ – элдик салттарга байланыштуу чыгарылган ырлар. Каада-салт ырлары оозеки поэзияда, дастандардын, эпостордун көркөм структурасында кеңири учурайт. Жалпысынан мындай чыгармаларда элдин каада-салты, тилек-ниети чагылдырылат. Мисалы, кургакчылыкта мындай айтым менен жамгыр тилешкен: Күн жаа, күн жаа, Күндөн күнгө көп жаа, Карагай башын кайра жаа, Арча шагын айра жаа, Чекенде башын черте жаа, Чийдин башын ийип жаа, Төө куйрукка уюп жаа, Төгүп-төгүп куюп жаа, Ашкана толгон ак болсун, Малга жыргал бак болсун! Береке нур чачылсын, Бейли элдин ачылсын! Малдын, жандын ырысы, Жаан жаап турушу. Көксөп жүргөн элдердин Жамгыр болот ырысы! Каада-салт ырлары, той ырлары, бешик ырлары, керээз ырлары, жарамазан, кошок жана башка жанрларга бөлүнөт.