КААКЫМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КААКЫМ (Taraxacum) – өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Сөңгөк тамырлуу, бир, эки же көп жылдык чөп. Жалбырагы та­мыр моюнчасынан гана өсүп чыгат, формасы сызгычтай, ланцеттей, жээги оюктуу, тилкелүү,

чанда бүтүн. Көң­дөй, сүттүү, жалбы­раксыз бир сабагы өсүп чыгат. Анын чокусунда бирден себетче топ гүлү бо­лот. Желекчелери бүт тилчедей, эки жыныстуу, түсү са­ры, чанда ак. Мөмө­сү узун үпүлүү урукча. Жер бетинин суук, суб­тропик алкактарында, тоолордо, шалбааларда, тоонун шагылдуу, чөптүү капталдарында, тун­дра ж-а токой-тундра зоналарында 1000ден ашык түрү таралган. К-дын 2 түрү (көк сагыз ж-а крым сагызы) – каучуктуу өсүмдүктөр. Кырг-нда 50дөн ашуун түрү өрөөндөн тартып мөңгүнүн этегине чейинки өсүмдүктүүлүктүн (чөлдөн башка) бардык тибинде кездешет. Ай­рым – түрү отоо чөп, кээ бири – баалуу өсүмдүк. Бүт өсүмдүктө тритерпен заты, никотинамид, каучук, чайыр, өңдөгүч заттар, мом, май, кант, орг. заттар, А, С витамини ж. б. бар. К-дын ширеси денедеги зат алмашууну жакшыртып, тамак затын сиңирүүнү жөнгө салат. Ошондук­тан эл арасында ж-а медицинада жаш жалбы­рагы, гүлү колдонулат.