КААЛОО
КААЛОО п с и х о л о г и я д а – белгилүү даражада баамдалган түшүнүк м-н мүнөздөлгөн кандайдыр бир кыймыл-аракетти жасоого умтулууну баштан өткөрүү. Ошол иштин жүзөгө ашырылышы К-нун канааттандырылышы катары кабыл алынат. К. көбүнчө бир нерсеге эмоциялуу умтулуу деген мааниде колдонулат. Бул мааниде алып караганда К-нун эмоция, сезим, аффекттер м-н байланышы бар. Этика, социалдык психология К-ну социалдык нормалар ж-а баалуулуктар м-н шартталган нерсе катары карайт. Бул мааниде К. кандайдыр бир максатка, тилекке, идеалга жетүүнүн түрткүсү сыңары түшүндүрүлөт. К. – адамдын жүрүм-турумуна ж-а иш-аракетине түрткү берүүчү психикалык абал. Ошондуктан К. психологияда иш-аракеттин объектисине кызыгуу (эмоциялык жак) же умтулуу (баалуулук жак) гана эмес, ошол ишаракетти ишке ашырууну эңсөө катары да сыпатталат. Мында эңсөө адамдын эркинин (к. Эрк) көрүнүшү катары түшүндүрүлөт. К-нун өнүгүшү К-нун предмети, аны канааттандыруу жолу ж-а шарты К-нун өзүнүн туруктуулугу, узактыгы м-н аныкталат. Ушуга байланыштуу К. аткарыла турган, реалдуу эмес, карама-каршы, акыл-эске сыйбас, максаттык ж. б. болуп бөлүнөт. К. кызыкчылык ж-а ишеним сыяктуу эле адамдын өз иш-аракетине аң-сезимдүү мамилесин билдирет.