КААРМАН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КААРМАН , К а х р а м а н – Ош обл-нун Кара- Суу р-нундагы кыштак. Мады айыл округуна караштуу. Ош – Өзгөн автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 980 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Суу ш-нан 29 км түш.- чыгыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 12 км. Калкы 3022 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.