КААТИНГА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КААТИ́НГА (португалча caatinga ж-а тупи ин­дейлер тилинде caf – токой, tinga – ак; ачык токой) – Бразилиянын түн.-батыш аймактары­на мүнөздүү майда жалбырактуу жапыз (би­йикт. 8–10 мге чейин) ксерофиль дарактары м-н бадалдарынан туруучу тропиктик жалбы­рагы күбүлмө сейрек токой. Тикендүү өсүмдүктөр (негизинен кактус, агава ж. б.) арбын. Узакка созулган кургакчылыктан (8–9 ай) көпчүлүк бак­дарактар жалбырагын түшүрөт.