КАБАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАБАК – Ысык-Көл обл-нун Жети-Өгүз р-нун­дагы кыштак. Жети-Өгүз айыл округуна караш­туу. Ысык-Көл өрөөнүндө, Жети-Өгүз суусунун төмөнкү агымынын чыгыш жээгинде, деңиз деңг. 1655 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Суу кыш-нан 25 км түн.-чыгыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 210 км. Кыш­так 1929-ж. негизделген. Калкы 1129 (2008); не­гизинен мал м-н алектенип, тоют даярдашат. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар. Соода жайлары иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыш­такта Соц. Эмг. Баатыры С. Эшенова туулган. Кыштактын аты кыргыздын кабак уруусу м-н байланыштуу.