КАБАК КӨМҮР БАССЕЙНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАБАК КӨМҮР БАССЕЙНИ Көкөмерен суусу­нан чыгышка Соңкөлгө чейин 75 км созулуп, юра катмарынын тилкесин камтыйт. Бассейн түштүгүнөн Молдо-Тоо, түндүгүнөн Кабак тоо­лору м-н чектелген. Кабак бассейнине Кара-Кече өрөөнүндөгү Кара-Кече кени, Доңуз кенчеси, Көк- Мойнок өрөөнүндөгү Миң-Куш, Көк-Мойнок, Кашка-Суу кендери, Сары-Камыш, Кара-Чал кен­челери кирет. Кара-Чал кенчеси Көкөмерен суу­сунун сол жээгинде, Кара-Чал м-н Табылгыты сууларынын аралыгында. Юра мезгилиндеги жука катмарда калыңдыгы 0,6 мге жеткен 3 кабат ж-а көмүр линзалары кездешет. Сары- Камыш кенчеси (Көкөмерен аянты) Көкөмерен суусунун сол жээгинде, Миң-Куш суусунун Көкөмеренге куйган жеринен төмөн. Мында юра катмарында көмүр бар экени белгисиз, аны төртүнчүлүк мезгилдеги катмарлар жаап жатат. Доңуз кенчеси Батыш Кереге-Таш м-н Доңуз суу­ларынын ортосунда, Кара-Кече кенинин батыш тарабында. Юра катмары неоген тектеринин


алдынан орун алган. Көмүрдүү катмарда калың­дыгы 6,7 м, 22,5 м, 3,7 м болгон 3 кабат кезде­шет.