КАБАК ТООСУ
КАБАК ТООСУ Ички Теңир-Тоодо. Жумгал ж-а Миң-Куш (Муң-Куш) тектон. ойдуңдарын бөлүп турат. Жумгал р-нунун аймагында. Уз. 40 км, эң жазы жери 16 км. Орт. бийикт. 3400 м, эң бийик жери 4144 м (Кашка-Суу чокусу). Негизинен гранит-диорит ж-а гранит интрузия тектеринен турат. Тоодон таш көмүр кени чыгат (Кара-Кече көмүр кени). Батышынын капталы тик, зоокалуу, куюлган кум-таштар жаз-күз мезгилдеринде жолду бөгөп, Көкөмерен суусуна чейин түшөт, чыгышы жапыздап ашууга өтөт. Талаа ж-а шалбаалуу талаа (2400–2500 м), карагай-бадалдуу шалбаа (2800–2900 м), субальп ж-а альп шалбаасы ж-а сейрек бетегелүү талаа (3300–3500 м), андан жогору субнивалдык ландшафттуу. Түн.-чыгыш капталында (Кара-Кеченин ичинде) карагайлуу токой массивдери кездешет. Жайыт. Кабак суусунун нугуна жакын кен казып алуудан калган уулуу тектердин калдыктары жатат. Экол. кырдаалы кооптуу.
Ш. Качаганов.