КАБАК 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАБАК – ашкабактар уруусундагы бир жыл­дык жашылча өсүмдүгү. Кадимки ж-а катуу ка­быктуу ашкабак­тын тез бышуучу түрү.

Өркүнү түз, бир аз бутактанат. Гүлү айрым жы­ныстуу, сары түс­тө. Мөмөсү көбүнчө сүйрү, бир аз ийил­ген. К. суукка ба­йымс ыз, к үрдүү, нымду у жерде жакшы өсүп, көп түшүм берет. К. тез жетилип, өнүп чыккандан кийин 40–50 күндө жегенге жарайт. Мөмөсүндө 2,55% кант, 0,55% белок, 0,13% май бар. Толук быша элек мөмөсү кон­серваланат, о. эле малга (уй, чочкого) берилет. Гектарынан 200–300 цден түшүм алынат. К-тын райондоштурулган сорттору: Грек 110 (О. Азия­да), Грибов 37 (РФ, Украина, Беларуссия), Сотэ 38 (Молдавия, Тажикстан) ж. б. К-тын уругу топурактагы темп-ра 12–15°Сге жеткенде се­билет, көчөттөрү 20–25 күндө отургузулат. Кырг-нда негизинен Грек 110 сорту эгилет.