КАБАЛЕВСКИЙ Дмитрий Борисович
КАБАЛЕ́ВСКИЙ Дмитрий Борисович [17(30). 12. 1904, Петербург – 14. 2. 1987, Москва] – орус композитору, СССР эл артисти (1963), СССР Педагогикалык илимдер академиясынын анык мүчөсү (1971), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1974). Москва консерваториясынын композиция классын бүтүргөн (1929), 1932–1980-жылдары ошол жерде сабак берген (1939-жылдан профессор). Кабалевский – оркестр менен скрипка үчүн (1948, СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1949), ¹ 1 виолончель үчүн (1949), ¹ 3 фортепьяно үчүн (1952) концерттердин, кантаталардын, «Тарастын үй-бүлөсү» (1950, СССР мамлекеттик сыйлыгы), «Кола Брюньон» (1937, 2-редактор. 1968; Ленин сыйлыгы, 1972) жана башка опералардын, 4 симфониянын, балдар ырларынын автору. Кабалевскийдин оркестр менен хор үчүн жазылган «Реквиеми» (сөзү Р. Рождественскийдики, 1964) анын ири вокалдык симфониялык чыгармасы болуп саналат. Бир нече фильм, драмалык чыгармаларга музыка жазган. 4 Ленин ордени, башка ордендер жана медалдар менен сыйланган. Кабалевскийдин чыгармалары Кыргыз мамлекеттик симфониялык оркестри тарабынан концерттерде аткарылат.
