КАБАЛЬЕ Монтсеррат
КАБАЛЬЕ́ (Caballe) Монтсеррат (12. 4. 1933-жылы туулган, Барселона – 6. 10. 2018, ошол эле жерде) – испан ырчысы (сопрано). 1954-жылы Барселона консерваториясын бүткөн. Биринчи жолу 1956-жылы Базель операсында Миминин партиясын (Ж. Пуччини, «Богема») ырдап чыккан.

Дүйнөнүн көрүнүктүү опералык театр сценаларында, анын ичинде «Ла Скалада» (Милан, 1960-жылдан), «Метрополитен-операда» (Нью-Йорк, 1965-жылдан), «Ковент-Гарденде» (Лондон, 1972-жылдан) ырдаган. СССРде биринчи жолу 1974-жылы «Ла Скала» труппасы менен гастролдо болгон. Глайндборн фестивалынын катышуучусу (1965). Репертуарынын негизин XIX–XX кылымдардын башындагы италян композиторлордун (В. Беллини, Г. Доницетти, Ж. Россини, Ж. Верди, Ж. Пуччини) опералары түзөт. Опералык карьерасын 1992-жылы аяктап, эстрадалык концерттерде ырчылык ишмердигин улантууда. Көптөгөн аудио-жазууларды чыгарган, анын ичинде «Барселона» концерттик программасы (Ф. Меркьюри менен дуэти, 1988) да бар.
Ад.: Пуллен Р., Тейлор С. М. Кабалье. Casta diva. M., 2005.